www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскер прокуратурасы УКМКнын Тышкы контрчалгындоо башкы башкармалыгы менен биргеликте аскер бөлүктөрүнө сапатсыз азык-түлүк жеткирүүгө байланышкан мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, жеке ишкерлер «В.Х.», «В.К.» жана «К.С.» алдын ала сүйлөшүп, азык-түлүктөрдүн этикеткасын жана өндүрүүчү тууралуу белгилерди жасалмалап, жарактуулук мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп турушкан. Натыйжада техникалык талаптарга жана санитардык нормаларга жооп бербеген продукциялар аскер бөлүктөрүнө жеткирилгени белгилүү болду.
Жүргүзүлгөн тергөөнүн алкагында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналган «В.К.» аттуу жеке ишкер кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө органдары тарабынан башка аскер кызматкерлеринин бул кылмышка тиешеси бар-жогун тактоо боюнча кошумча тергөө аракеттери улантылууда.