www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон администрациясы Европадагы антифашисттик «Антифа» кыймылы менен байланышкан төрт уюмду эл аралык террористтик уюмдардын тизмесине киргизип, аларга карата санкцияларды киргизди.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жазуу түрүндө билдирүүдө маалымдады.

Анын айтымында, АКШнын Тышкы иштер министрлиги Германияда жайгашкан Antifa Ost жана Италия менен Грециядагы «Антифа» менен байланышкан дагы үч топту аталган тизмеге киргизүүнү чечкен. Ошондой эле АКШ тарап аларды эл аралык терроризмге каршы күрөшкө байланыштуу санкциялык тизмеге да кошот.

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын сайтында жарыяланган билдирүүдө санкциялар Antifa Ost, Италиядагы Informal Anarchist Federation / International Revolutionary Front, ошондой эле Грециядагы Armed Proletarian Justice жана Revolutionary Class Self-Defense уюмдарына карата киргизилери айтылат. Министрликтин маалыматына караганда, бул уюмдар башка аттар менен да белгилүү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул бирикмелердин мүчөлөрү мурда бир нече жолу зомбулукка барганын белгилейт. Киргизилген санкциялардын максаты — бул уюмдарды АКШнын каржы системасына кирүүдөн жана кол салууларды уюштурууга зарыл болгон ресурстардан ажыратуу.

АКШ президенти Дональд Трамп сентябрда америкалык антифашисттик «Антифа» кыймылын террористтик уюм деп таануу тууралуу жарлыкка кол койгон. Документте бул кыймыл «АКШ өкмөтүн кулатууга ачыкча чакырат» деп баса белгиленген.

Последние новости