www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  ар тараптан изденген кесиптешибиз Аскат Айсаракуновду кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Аскат, чыныгы кесибиң журналист экенин билем. Бирок, андан башка да бир канча кесипти өздөштүргөнүңдөн кабарым бар. Журналист, менеджер, массажист, фотограф, операторлуктун ичинен кайсыл кесип жүрөгүңө жакын экен?

--Негизи  журналисттик кесипке эч бири жетпейт. Бирок, алардын да жүрөгүмдө өзүнчө орду бар. Баарына аяр мамиле кылам. Себеби мен өздөштүрүп алган кесиптер менин хоббим. Кызыгуум  болгону үчүн аларды өздөштүрүп алгам. Кыргызда “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт го. Мен да мүмкүнчүлүгүм болуп турганда иштегим, ар башка тармакта өзүмдү сынагым келет. Кандай  кесипти аркаласам да элиме пайдам тийсе деген ниетте иш кылам.

--Фейcбукта өз алдыңча маселе көтөрүп калганыңды көрүп калам. Келечекте иликтөөчү журналист болсом деп ниет кылып  жатасыңбы?

--Туура  баамдапсыңар. Акыркы убактарда өмүр кыска экенин, ошол кыска өмүрдө эң маанилүүсү кичине болсо да, элиңе кызмат кылып, аркаңдан из калтыруу экенин көп ойлончу болдум. Анан дагы өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиз, аянычтуу көрүнүштөр мени эле эмес, көп адамды ойготуп жатат окшойт. Буюрса, журналисттик  иликтөө жасасам деген  ниетим бар.

Бирок, мени түйшөлткөн дагы бир жагдай бар. Бизде сөз эркиндиги бар болгону менен көзөмөл күч. Ошон үчүн курч иликтөөлөрдү жасоодо кыйынчылыктарга туш болосуң деп чыгынбай жүрөм. Болбосо эбак эле иликтөөлөрдү жасамакмын. Мен  журналисттик иликтөөнү бирөөнүн буйругун аткаруу үчүн эмес, элдин көйгөйүн чечип берүү үчүн жасайм деген ниетим бар.

--Кайсы кесип кирешелүү экен?

--Ар бир кесип ардактуу дейт го. Кайсыл гана кесип болбосун, максатты туура коюп, сапаттуу иш кылсаң киреше ошого жараша болот экен. Бирок,  эң туурасы, кирешени биринчи планга эмес, конкреттүү максатты көздөп кетүү. Бирок, көп учурда пендечиликке алдырып жашоонун жетишсиздигинен, күнүмдүк муктаждын айынан кирешеге көбүрөөк басым коюп кетет  экенбиз.

--Качантан бери кайрымдуулук иштер менен алек болуп калдың?

--Кайрымдуулук иштерин дос жигиттер болуп көп жылдан бери эле кылчубуз. Ортого акча чыгарып, муктаждардын зарыл деген нерселерин алып берчүбүз. Быйыл карантин болуп калгандыктан кайрымдуулукту мурункудан көбүрөөк кылдык. Карантинде муктаждарга азык-түлүк таркаттык. Кыргызстанда муктаж үй бүлөлөр өтө эле арбын экен. Көп түкүрсө көл болот дегендей кайрымдуу адамдардын бергенин ээсине жеткирип жатабыз. Менин оюмча эң оболу майыптарга жардам берүү керек деп ойлойм. Себеби алар атайылап майып болуп калган жок да. Ден соолугунун айынан майып болуп калган Гүлбарчынга анан  Карача аттуу 64 жаштагы урайын деп калган кепедей болгон аянычтуу тамда жалгыз жашаган апага жардам берип, Гүлбарчынга кир жууган машине анан телевизор алып барып бердик. Карачач апага  муздаткыч анан духовка белек кылдык. Апабыз абдан сүйүнүп, көзүнө жаш алды. 5 баласы менен фермада оор шартта жашаган Заринага жардам кылдык. Кыскасы, жардамга муктаждарга кол сунууга аракет кылып жатабыз. Тең бөлүшкөндү теңирим сүйүптүр дейт го. Жараткан элибизде кайрымдууларды көп кылсын деп тилек кылам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости