www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн саат 09:10го карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында майда кар жаап жатат, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.