www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагын санариптештирүү алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан «Ветеринардык дары каражаттарын каттоо жана сертификаттоо» боюнча Автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) иштелип чыгууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Системанын негизги максаты — ветеринардык дары каражаттарын каттоо боюнча арыздарды кабыл алуудан тартып, электрондук күбөлүк берүүгө чейинки бардык процесстерди толук автоматташтыруу. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын, ыкчамдуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган.

АМС төмөнкү негизги процесстерди камтыйт:

-ветеринардык дары каражаттарын каттоо боюнча арыздарды электрондук форматта кабыл алуу;

-тиркелген документтерди алдын ала текшерүү;

-кызмат үчүн төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;

-лабораторияларга электрондук багыттамаларды жөнөтүү жана электрондук санарип кол (ЭСК) менен протоколдорду кабыл алуу;

-Борбор директорунун электрондук чечимин кабыл алуу;

-QR-коду бар электрондук күбөлүк даярдоо;

-катталган дары каражаттарынын реестрин жүргүзүү;

-маалымат издөө жана аналитикалык модулду ишке киргизүү.

Система кызмат көрсөтүүнүн бардык этаптарын электрондук форматка өткөрүүнү камсыз кылат. Арыз берүүчүлөр ЭСК колдонуу менен документтерди онлайн тиркей алышат, арыздын жүрүшүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, анын статусу тууралуу маалымат ала алышат. Борбор тарабынан электрондук жооп автоматтык түрдө түзүлүп, жөнөтүлөт.

Системаны ишке киргизүү арыз берүүчүлөр, лабораториялар жана Борбор ортосунда бирдиктүү электрондук документ жүгүртүү механизмин түзөт. Мындан тышкары, АМС башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланып, келечекте функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет.

Бул система — Кыргыз Республикасынын ветеринардык коопсуздугун башкаруудагы заманбап жана ишенимдүү санариптик чечим болуп саналат.

Последние новости