www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусундагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүсүнө тыгылып калган эркекти куткаруу үчүн тик учак жөнөттү. Мындай тапшырманы 6-ноябрда министр Бообек Ажикеев берген.

Таң эртеден бери окуя болгон жерде ӨКМнын жана куткаруу кызматтарынын 28 кызматкери жана алты техника иштеп жатат.

Мекеменин маалыматында, 5-ноябрда Жалал-Абад — Казарман унаажолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы эркек автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып калган. Ал жардам сурап белги берүүгө үлгүргөн, андан кийин издөө иштери башталган.

Куткаруу операциясына ӨКМ, ИИМ, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жолду тазалоо үчүн оор техниканы бөлүп берген China Railway International ишканасынын адистери тартылган

Последние новости