www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын  мурдагы  кол башчысы генерал-майор Аширбек Бакаев менен маек курдук.

--Аширбек Бакаевич, жыл сайын Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгү катары 29-май күнү белгиленип келет, ал эми ИИМдин тутумунда да, Куралдуу күчтөрдүн курамына кирген аскердик түзүлүштөр бар эмеспи. Сиз, катардагы жоокерден генерал наамына чейин ардактуу жолун баскан, ИИМдин Ички аскерлеринде 41 жылдан ашуун кызмат өтөп, Ата-Мекен коргоочуларына татыктуу үлгү болдуңуз. Айтып берсеңиз, Сиз кантип ИИМде аскер кызматкери болуп калдыңыз?

--Ооба, Биз билебиз ар бир жаран Ата-Мекенди коргоочусу болууга милдеттүү, бирок бардыгы эле жоокер болууга кайраты жетпейт. Ички аскерлер – азыркы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы, тынчтык убагында да курал менен күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, Конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоп, мамлекетибиздин коомдук коопсуздукту камсыздашат, стратегиялык маанидеги мекеме-чарбаларды ишенимдүү кайтарышат, ал эми аскер кооптулук учурунда аймактык коргоого жана кырдаалга жараша тышкы агрессияны кайтарууга аттанышат. Ал эми, аскер кызматчысы болууга мен ой жүгүртүүлүк жана физикалык жактан мектепте окуучулук кезимде даярдангам. Мектепти аяктагандан кийин, Владикавказдагы Кызыл ордендүү аскер-командалык ИИМдин Ички аскерлеринин  аскер окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктагам. Кызматтык тепкичтердин ырааты менен взвод командиринен бригада командири, аскерлердин штабынын башчысы – Колбашчынын орун басары, андан кийин ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы болуп 9 жыл кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккам. Сөз менен айтуу оңой, бирок мындай жолду басуу ар биринин күчү жетпейт.

--Баарыбызга белгилүү болгондой, сиз аскер-интернационал болуп, Афганистан өлкөсүндө аскердик милдетин аткарып келгенсиз, бизге жана аскерлердин өздүк курамына кызмат өтөгөндүгүңуз тууралуу кызыктуу болууда, ошого токтоло кетсеңиз?

--Аскер кызматкери, аскердик Ант берүү алдында аскердик милдетин аткарууда айткан сөздөрү кылган иши менен айырмачылык болбош керектигин түшүнө билет. Муну мен алдын ала түшүнгөм, аткени менин атам Улуу-Ата-Мекендик согуштун катышуучусу ушиндай патриоттук сезимде тарбиялаган. Ошондуктан, мен үчүн эң маанилүүсү канчалык оор жана коопту болбосун, мага коюлган тапшырманы ийгиликтүү аткарчумун. Мындай оор жана татаал тапшырмалар мага көп берилчүү, аткени жеткечиликке ал тапшырманы чындыгында толугу менен аткара ала турган кишиге берүү керек эмеспи. Бардыгын атап өтөө көп убакытты талап кылат, ошондуктан алардын жыйынтыктарына токтоло кетсем, менин эмгегим Советтик Союздун аскер Колбашчылыгынын бардык сыйлыктарында белгиленген, биринчилерден болуп СССРдин Жогорку Севетинин Президиумунун Жарлыгы менен “СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Ата-Мекенге кызмат үчүн” III даражадагы ордени менен сыйлангам. Мүмкүн ушул үчүн, менин башыма жоопкерчиликтүү өзгөчө миссия тапшырылган - СССРдин Ички аскерлеринин Жогорку Советинин сунушу менен ЦК КПССтин жоопту органы тарабынан, Афганистан революциясын коргоо Башкы башкармалыгынын ыкчам жана атайын аскер бөлүктөрүнүн улук аскер кеңешчиси катары жашыруун жөнөтүлгөм, анын мага жүктөлгөн чындык тапшырмаларын бир нече кишилер гана билген, ал тапшырманын аткарылышы жана коопсуздугу менден гана көз каранды болчу.  Буга байланыштуу, ал өлкөнүн аймагында эркин жүрүүгө, ошондой эле Башкы аскер кеңешчиси армиянын генералы В.И. Варенников, АДАнын (ВДВ) штаб командири генерал-майор П.С. Грачев, СССРдин Кабулдагы элчиликтерге жана өкүлчүлүтөргө кирип чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Афган аскерлеринин кийимин кийип, мага коюлган тапшырмаларды аткарчуумун, ар кандай жерлерде болгом, бирок ал жөнүндө кийинчерээк убактысы келгенде айтып берем, ал эми ошол ийгиликтүү аткарган тапшырмаларым үчүн Афганистандын жогорку даражадагы орден жана медальдар менен сыйлангам, алар I даражадагы “Алтын жылдыз” медалы, “СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Ата-Мекенге кызмат үчүн” II даражадагы ордени жана ЦК КПССтин Ардак грамотасы.

--Алыскы 1999-жылы, Ата-Мекенибизге эл аралык бандиттик топ кол салган учурунда, Сиз Кыргызстан тарыхындагы биринчи куралдуу салгылашуунун катышуучусу болгонсуз. Ошол учурда, Баткен районундагы окуя жөнүндө дүйнөдөгү баардык ЖМКга чагылдырылып байкап турушкан, ал баатырдык күндөдү эстеп, айтып берсеңиз.

--Ооба, 1999-жылы Баткен районунун аймагына эл аралык террористтер кирип, мындай оор түйшүк биздин Ички аскерлерге түштү. Ок атып көрбөгөн жоокердин, прапорщиктердин жана офицерлердин өмүрүнө гана эмес, жалпы Куралдуу күчтөрдун аброюна, суверенитеттүү мамлекетибиздин кадыр-баркына тобокелчилик жаратып, тез аранын ичинде курама отряд топтоп, ошол түнү барымтага алынган тургундар жакты көздөй жөнөгөнбүз. Түнкү марш өтүп, Палал-Оо айылынын жанындагы “Тимур” платосун карай көздөдүк. Жыйынтыгында, өздүк курам арасында  бир дагы жоготууга дуушар болбой, душманды өлтүрүлгөн жана жаракат кылып, качууга мажбурладык. Ушинтип, саны менен басымдуулук кылган күчтөрдүн күн сайын кысымын биздин негизги аскерлер келгиче эки жума туруктуу кармап турдук.

Ошол убакта, Фергана өрөөнүндө ФАНО (Фергана, Андижан, Наманган жана Оша облустарынын биринчи тамгалары) халифатын түзүүгө жолдогон эл аралык террористтер жана экстремисттерге жол берген жокбуз.

Андан кийинки жылдары, Жакынкы Чыгыштагы окуялар көрсөткөндөй Орто Азия аймагында Сириядагы ИГИЛ сыяктуу, экстремисттик мамлекетти түзүүгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлери мүмкүнчүлүк берген жок –деп белгилей кетсе болот, аткени Баткен районундагы биринчи салгылашууну жеңүү жана андан кийин ал террористерди жок кылуу мамлекетибиздин тарыхында маанилүү орунду ээлейт.

24-август күнү, Куралдуу күчтөрдүн Уставдарын бекиткен Мыйзамга ылайык,  ал жерде көрсөтүлгөндөй аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелериниен же аскер түзүлмөлөрүнүн майрамдык күнү айрыкча окуялар күн деп аныкталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, террористтерди даңктуу жеңишин эскерүү катары, кесиптитик майрам катары белгиленип – Ички аскерлер күнү деп бекитилген. Байшкача айтканда, жыл сайын ИИМдин аскерлери бир нече кесипттик майрамдарды белгилесек болот.

--Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр күнүнө карата биздин аскерлерге кандай калоо-тилектерди айтып кетээр элеңиз?

--Ооба, мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, урматтуу ардагерлерди жана бардык аскер кызматкерлерин чын жүрөктөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктаймын, чын ниетимден Сиздерге Ата-Мекенбизге кызматыңар үчүн ыраазылылыгымды билдирем, ардагерлерге бекем ден-соолук жана көп жыл жашоосун каалайм, ал эми азыркы кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине – Анттына бекем болуп, Ата-Мекенди коргоодо коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда патриоттук жана жогорку күжүрмөн ийкемдүүлүктү, ал эми биздин Кыргызстанга – суверенитетибизди жана мамлекеттүүлүгүбүздү мындан ары бекемдөөнү, коомдук-саясий туруктуулукту, экономикалык өнүгүүнү жана элдин өркүндөөсүн каалап кетмекчимин.

Маектешкен Улан Алымбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости