www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 19-20-май күндөрү Астана шаарында өткөн “Алтын Ордо – талаа цивилизациясынын модели: тарых, археология, маданият жана иденттүүлүк” аттуу эл аралык симпозиумга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чара Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда өттү.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баяндама жасап, кыргыз элинин Алтын Ордонун өнүгүшүндөгү орду жана тарыхый миссиясы тууралуу илимий негизделген жыйынтыктарды сунуштады.

Мамкатчы кыргыздардын Алтын Ордонун тарыхый тагдырына түздөн-түз тиешеси бар экенин белгиледи. Ал кыргыз элинин айрым уруулук топтору Токтомуш хандын акыркы саясий жана аскердик тиреги болгонуна тарыхый-архивдик жана документалдык булактардын негизинде жүйөлүү далилдерди келтирди. Ошондой эле ал Адыгине жана Тагай бутагындагы кыргыз уруулары Алтын Ордонун саясий мурастарын сактоо жана аны калыбына келтирүү аракеттеринде узак убакыт бою жигердүү күрөш жүргүзгөнүнө токтолуп өттү.

Арслан Койчиев кыргыз жана казак элдеринин тарыхый тагдырынын жалпылыгына өзгөчө басым жасап, эки элдин кылымдарды карыткан руханий, маданий жана тарыхый байланыштары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпогонун айтты. Ал “кыргыз менен казак – бир тууган элдер” деген түшүнүк тарыхый эс тутумга жана орток цивилизациялык негиздерге таянарын баса белгиледи.

Баяндамасынын соңунда Мамлекеттик катчы түрк дүйнөсүнүн интеграциясын тереңдетүүнүн стратегиялык маанисине токтолуп, жалпы түрк тарыхын жаңы илимий көз карашта, “тарыхтан сабак алуу” принцибинин негизинде изилдөө зарылдыгына токтолду.

Түрк элдеринин орток тарыхый мурасын комплекстүү иликтөөгө багытталган “Түрк дүйнөсү жана Русь” жана “Түрк дүйнөсү жана Кытай” аттуу эки ири эл аралык илимий долбоорду биргелешип ишке ашыруу демилгесин көтөрдү.

Аталган симпозиум Евразия мейкиндигиндеги тарыхый мурастарды илимий жактан кайра карап чыгууга, түрк элдеринин орток цивилизациялык негиздерин терең изилдөөгө жана келечектеги кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча катары бааланды.

 

Последние новости