www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабиясы Падышалыгы тарабынан социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар үчүн 48 тонна 720 килограмм курманы гуманитардык жардам катары тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Эмгек министрлигинин жетекчилиги, Сауд Арабиясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ияд бин Гази Хаким жана Падыша Салман атындагы жардам жана гуманитардык колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу муктаж жарандарга жана үй-бүлөлөргө таратылат.