www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин түштүк тарабында суу өчөт. Муниципалитеттин билдиргендей, 21-майда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объекттерде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча-3 конушу.
Суу 10-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, ишкана-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.