www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн «Танкалык биатлон» жана «Десанттык взвод» мелдештеринде жеңишке жеткен кыргызстандык аскерлерге сыйлык тапшырды.

Мамлекет башчысы аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Токио шаарындагы Олимпиада оюндарында жогорку натыйжага жетишкен спортчулар менен катар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына белек кылышканын белгиледи.

«АрМИ эл аралык аскер оюндары акыркы 7 жылдан бери көптөгөн мамлекеттердин арасында өткөрүлүп келе жатат. Бул аскердик спорт – ардактуу, жооптуу кесипти тандаган, эл-жери менен ыйык Мекенин коргоого дайым даяр турган кайраттуу, эр жүрөк, тайманбас эр-азаматтардын оюну.

Мына ушул эл аралык аскер оюндарынын алкагында кыргыз армиясы негизги деп саналган, ары татаал, ары салмактуу эки мелдешке — «Танк биатлону» менен «Десанттык взвод» сынактарына катышып, өз дивизиондорунда биринчи орундарды багындырды.

Биздин танкисттерибиз 8 мамлекеттин командалары менен мелдешсе, курсант-десантчыларыбыз 12 өлкөнүн командалары менен күч сынашты. Натыйжада, жалпы дүйнө жүзү Кыргызстандын бийик көтөрүлгөн байрагын жана эң жогорку ардак тактада улуу Манастын татыктуу урпактарын көрүштү», — деди Президент.

Ал танкисттер менен десанттарга өлкөгө атак-даңк алып келген жеңиши үчүн терең ыраазычылык билдирип, ошондой эле бул командалардын күжүрмөн даярдыгын камсыз кылган бардык аскер кызматкерлерин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү сааттарды тапшырды, алардын айрымдарына Президенттин атынан ыраазычылык каты берилди. Мындан сырткары, «Танк биатлону» менен «Десанттык взвод» сынактарынын катышуучуларына мелдештерде жеңиши үчүн акчалай сыйлык катары Президенттин резервдик фондунан 1 млн 880 миң сом бөлүндү.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров бардыгына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Мекенди коргоого арналган жооптуу кызматтарына ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, VII эл аралык армия оюндары-2021 22-августтан тартып 4-сентябрга чейин 11 мамлекет аймагында өткөрүлдү. Алар: Алжир, Армения, Беларус, Вьетнам, Иран, Катар, Казакстан, Кытай, Орусия, Сербия жана Өзбекстан. Мелдештер бир учурда 23 аскер машыгуу талаасында жана Каспий, Аравий, Япония деңиздеринин сууларында өттү. Ага 42 өлкөдөн 277 команда курамында 5 миңден ашуун аскер кызматкери катышты.

Кыргызстандын курамасы «Танкалык биатлон» жана «Десанттык взвод» экинчи дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары, кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости