www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Никол Пашинян ЖККУга катышууну иш жүзүндө “тоңдуруу” Армениянын уюмда туруктуу өкүлүнүн болбой турганын, өлкөнүн жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышпай турганын түшүндүрөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Премьер-министрдин айтымында, Еревандын ЖККУга катышуусун тоңдуруу “де-юре” да болушу мүмкүн.

“ЖККУда бир жылдан бери биздин туруктуу өкүлүбүз жок, уюмдун жогорку деңгээлдеги иш-чараларына көптөн бери катыша элекпиз. Албетте, ал жерде консенсус принциби иштейт, биз эч нерсеге бөгөт койбойбуз, бирок катышпайбыз дагы, жооп жок болсо, эмнеге катышмак элек”, — деген Пашинян парламентте айткан сөзүндө.

Өткөн жумада премьер-министр Никол Пашинян Ереван ЖККУга мүчөлүгүн токтото турганын айткан. Ал мындай чечимди Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташуу уюму жөнүндө келишим Арменияга карата, өзгөчө 2021-2022-жылдары аткарылбагандыгы менен түшүндүргөн.

“Биз буга көз жумуп коё алган жокпуз. Келишимге кирүүнү токтото турабыз. Алдыда кандай болорун көрөбүз", — деген Пашинян.

Ереван буга чейин да ЖККУ менен Москваны бир нече ирет милдеттерин аткарбайт деп айыптап келген. Январь айында Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян алардын республикасы ЖККУдан эч кандай үмүт артпай калганын белгилеп, өлкөгө масштабуу кол салуу болгондо, 2022-жылдын сентябрында уюмдан оңдуу жооп болбогондугун жүйө келтирген.

Кремль Армениянын ЖККУдан чыгуусу боюнча билдирүүдөн кийин расмий аракеттер болбогонун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости