www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр жайында группалаш балдар чогуу Ысык-Келгө эс алып келмекчи болуп жөнөп калдык. Чындыгында жайдын мээ кайнаткан аптабында көлгө барууга не жетсин?!

Арабызда арак ичкендер да бар, ичпегени бар. Жаштар чогулган мындай учурда өзгөчө шаң болот эмеспи. Айрым эркек балдар Бишкектен чыга электе эле пиво ичип башташкан. Ана жолдон ичебиз деп дагы эки баштыкка майда-чүйдө арак-шараптарды алып алган элек. Башында жакшы эле шүмдү карманып ичпей жаткан болчумун. Анан орто жолдон группалаштарым кыйнап туруп алышкандыктан акыры ичүүгө туура келди. Ошентип, көлгө жеткенче эле бир топ уу-дуу болуп, кызып калдык. Жетчү жерибизге жетип, көлдүн жээгине машинабыз токтор замат эле эркек балдар чуркап түшүп, үстүбүздөгү кийимдерибизди шашыла чечип ыргытып, сууга секирдик. Бул учурда күн жаңыдан гана уясына жашына баштаган. Бир сыйра моокумубуз канганча сууга түштүк. Кыздарды да буйдамга келтирбей сууга ыргыттык. Аңгыча айлананы да күүгүм курчады. Ал түнү таң атканча жээкке от жагып, тегеректеп отуруп ырдап, тамак жасап жеп, айтор, шаңдуу отурдук. Мен таңга жуук уйкум келгендиктен машинанын ичине кирип жатып алдым. Көзүм илинип кетиптир. Түшүмө мектепте окуп жүргөн кезимде жактырып жүрчү Айгерим аттуу классташым кирип жатыптыр. Тилекке каршы ал кыз мындан эки жыл мурда көлде эс алып жүргөн кезинде чөгүп кетип каза болуп калган болчу. Эртеси ойгонор замат түндөсү көргөн түшүмдү эстеп алып эмнегедир бушайман болуп, ойго чөмүлдүм.

Анан акырында кол шилтеп, анчалык деле ага маани бергим келген жок. Көзүмдү ачсам балдар дале ичип жатышкан экен. Кошулуп баш жаздым. Күн бүгүн да ысык. Так төбөдөн тийген күн адамды куйкалап жиберчүдөй. Ысып кеткенимен сууга түшүп келүүнү ойлоп өзүм эле жээкти көздөй жөнөй бердим. Берки балдар болсо карта ойноп, кыздар тамак жасоо менен алек. Эки-үчөө болсо дале туруша элек. Сууга түштүм да тээ бир топ жерге чейин чабак уруп бардым. Чындыгында сууда кичинекей кезимден бери эле жакшы сүзчүмүн. Аңгыча эле колу-бутум тырышып калса болобу. Денемден жаным чыгып бара жаткансып колум да, бутум да эч бир кыймылга келбей калды. Так ошол учурда мени бирөө бутумдан суунун түбүнө тартып жөнөдү. Кыймылдай албай жатканым менен акыл-эсим ордунда болчу. Эптеп артымды кароого жаралым. Суунун алдынан көзгө жакшы көрүнгөн жок, бирок мен анын узун кара чачтары сууга жайыла учуп, бетин жаап тургандыктан кыз экенин байкадым. Аппак көйнөгү да желбиреп суунун алдынан ары-бери каалгыйт.

Жакшылал ал кыздын жүзүнө үңүлүп каран калууга да жетиштим, бирок коркконуман жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады. Өмүрүмдө мындай түрү суук кызды көргөн эмес болчумун. Качууга жакшы эле аракет кылып, жанталаштым. Аныман эч майнап чыкпады. Тиги неме укмуштуудай эле күчтүү экен. Мени суунун алдындагы эң терең жерине чейин сүйрөп барды да, андан соң жашыл балырлар менен бутумду ороп байлай баштады. Качан гана мени такыр бошонгус кылып байлаган соң бет маңдайыма сүзүп келип маашырлана карап турду, арсайган тиштерин көрсөтө жүзүндө күлкү пайда болду да, кайдадыр сүзүп кетти. Эмнегедир тумчугуп өлүп калбаганыма таң калдым. Аз убакыт өтпөй тээ алыстан кызыл көйнөкчөн бирөө туура мени кездөй сүзүп келе жатканын көрдүм.

Анан мага жакындаганда даана тааныдым, классташым Айгерим экен. Түшүнө албай турдум. Айгерим кудум тирүү кезиндегисиндей сулуу, ажарлуу, жүзүнө жагымдуу жылмаюусу жарашыктуу. Алгач андан коркуп кеттим, бирок тиги коркпо дегендей түр көрсөтүп акырын жаныма сүзүп келип, бутумдагы чырмалган балырларды чечип, мени өйдө көздөй сүйрөп жөнөгөндө аба жетпей өзүмдү жоготтум...

...Көзүмдү ачсам жээктеги кумдун үстүндө чакап жаткан экем. Группалаштарым баары мени тегеректеп карап турушуптур. Кыздар болсо эстери чыгып ыйлап жатышат. Группалашым Самат мени жаакка чапкылап эсиме келтире албай жатыптыр. Эсиме келгенимди көрүп баары сүйүнүп кетишти. Анан мени жетелешип оттун жанына алып келишти. Алардан эмне болгонун сурасам, сууга секирип эле ошол бойдон он мүнөт чыкпай калганымды айтышты!.

Анан бир маалда өзүмөн-өзүм каалгып суунун үстүнө чыккан экем. Балдарга болгон окуяны айтып берсем алар ишенишкен жок. Жөн гана көзүмө көрүнгөн болуш керек деп ойлошту. Ал эми бир-эки кыз ишенди.

Өзүм болсо таң калган боюнча кала бердим. Анткени болуп өткөн окуя түшүм эмес - өңүм болчу. Ал эми балдар болсо ок мүнөт суунун алдына жатып тумчугуп өлбөгөнүмө таңданып жатышты.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости