www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда социалды тармактарда "премьер - министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордуна ким келиш керек?" деген суроо катуу талкуу болуп жатат. Ырчы Бек Борбиев элден четте калбай премьер – министрликке кимди тандоо керектиги тууралуу пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ал эми бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине,   87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды.

Социалдык тармактарда өкмөт башчылыкка талапкер катары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов жана Бишкек мэри Азиз Суракматовду жана Улукбек Кочкоровду сунушталып жатканы айтылган.

Азыркы тапта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке талапкерди карап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости