www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө.

Анда депутат Рыскелди Момбеков Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кеткени боюнча көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркуловдун пикирин сурады. 

"Сиз өз сөзүңүздө экс-премьер-министр болуп калган Мухаммедкалый Абылгазиев арызын колдойм, бирок ушундай оор учурда кетип калганын туура эмес деп ойлойм деп айттыңыз. Дегеле биз кет, кет дегенде көгөрүп кетпей коюп, эми кетпе, кетпе дегенде кетип калган адамдын мындай кадамы саясий жоопкерчиликке жатабы? Биз мактаган кыз тойду кооздоп койгон жокпу?", - деп сурады депутат.

Иса Өмүркулов: "Ал отставкага кеткенин колдойм деп айткан жокмун. Туура болду деп айттым. Артынан сөз ээрчип калгандан кийин отставкага кеткени туура", - деп жооп берди.

Момбеков Абылгазиев алып келген өкмөттүк курамдан Кубатбек Боронов эле калганын айтып, «жалгыз дарак бак болобу, жаман жыгач сап болобу» деп, мындан аркы ишинин жыйынтыгын убакыт көрсөтө турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости