www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте трансчек аралык уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Атайын кызматтардын маалыматына ылайык, аталган топ Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жарандарынын катышуусунда түзүлүп, өлкө аймагынан айыл чарба малдарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу схема уюштурган. Малдар коңшу мамлекеттин аймагында сатуу максатында чыгарылып келген.
2026-жылдын 22-июнунда Ош облусунун Араван районундагы чек арага жакын аймакта ири көлөмдөгү — 229 баш малды мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасалып жаткан учурда уюштуруучулар жана аткаруучулар кармалган.
Алар Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына камалды.
Маалыматка ылайык, кармалгандар тыюу салынганына карабастан, алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун ыкмаларды колдонуу менен малды системалуу түрдө чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарып келишкен.
Учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 4-бөлүгү (трансчек аралык топ тарабынан жасалган экономикалык аткезчилик) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Ошондой эле бул кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.