www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда жашыруун документтерди ачыкка чыгаруу маселеси кайрадан талкуу жаратууда. Президент Дональд Трамп жерден тышкаркы жашоо тууралуу маалыматтарды жарыялоо тапшырмасын берерин билдиргенден көп өтпөй, Black Vault серверинен учуучу объекттерге байланыштуу АКШнын өкмөтүнүн жашыруун документтеринин 3,8 миллион файлынын архиви жоголуп кеткен. 

Daily Mail жазгандай, изилдөөчү Жон Гринвальд негиздеген The Black Vault платформасында сакталган 3,8 миллиондон ашык документ жоголгон. Гринвальд бул материалдарды 30 жыл бою мамлекеттик органдарга 11 миңден ашык расмий суроо жөнөтүү аркылуу топтогон.

Ал окуяны түздөн-түз саботаж деп атаган жок, бирок мындай ыктымалдуулукту четке каккан эмес. Мындан тышкары, сервердеги айрым папкаларга кирүү укуктары өзгөргөнү да аныкталган.

Изилдөөчү архивди камдык көчүрмөлөр аркылуу калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирген. Ал эми Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында Пентагонго келгиндер тууралуу маалыматтарды коомчулукка чыгаруу боюнча тапшырма берилерин жарыялаган.

Последние новости