www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды.
Аталган тапшырманын алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, ошондой эле тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Манас шаарында курула турган жаңы мектептердин курулуш аянттары менен жеринде таанышты.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Долбоорго ылайык, жаңы мектептердин кубаттуулугу 275тен 650 орунга чейин каралып, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалат. Имараттарда аба алмаштыруу жана өрт өчүрүү системалары жаңы технологиялардын негизинде орнотулуп, окуучулардын коопсуздугуна жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле мектептерди күн панелдери аркылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу каралып, бул өз кезегинде энергияны үнөмдөө жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, мектептердин курулушу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан башкы подряддык уюм катары жүргүзүлөт. Ал эми курулуш иштеринин сапатын, белгиленген талаптарга жана мөөнөттөргө ылайык аткарылышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти туруктуу негизде көзөмөлдөйт.