www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызнефтегаздын» башкарма төрагасы алмашты

«Кыргызнефтегаз» компаниясынын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкарма төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик билдирди.

Четимбаевдин талапкерлиги коомдун негизги акционери Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан сунушталып, Министрлер кабинети тарабынан макулдашылган.

«Кыргызнефтегаз» стратегиялык объект болуп саналат жана өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири, Кыргызстандын түштүк аймагынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат», деп айтылат маалыматта.

Самсаалы Четимбаев 2024-жылдын 9-апрелинен тарта «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.

Ага чейин «Кыргызнефтегаздын» башкарма төрагасы кызматын 2021-жылдын 22-декабрынан баштап Нургазы Нишанов аркалап келген.

Последние новости