www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-ноябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтында өткөн митинг бир караганда эч кандай терс таасирин тийгизген жок. Мурун болгондой  башаламандык, кыйратуу жана тажатма саясий оппозициячылдар болгон жок. Митингге көбүнчө жаштар келди. Ошондо да шаар тургундары. Митинг тартиптүү жана уюшулгандай өттү. Катышуучулар аркаларынан таштандыларды да калтырбай кетишти. Жаңы өсүп келе жаткан жаштардын жакшыга кошулуп, жаманга каршы чыккандарына сүйүнүп эле карап турууга болот. Бул тууралуу Дело№ гезити жазып чыкты. 

Бул репетиция болчу...итингди өткөрүү идеясы өзүнөн-өзү эле жаралып калды. Социалдык тармактардын колдонуучулары жөн эле акыркы америкалык интернет булактары жазган, Кыргызстандагы аткезчилик тууралуу маалыматтарды талкуулап жатып эле чечип калышты. Келгиле бийликтен талап кылабыз...

Эмнени? Жооп!

Митингдин максаты унчукпай отурган бийликти акыркы чыккан материалдарга көңүл бурдуруу болчу. Бирок, митингдин уюштуруучуларына көңүл бурганы анча деле керек эмес көрүнөт.

Укмуштуудай материалдар кокусунан эле 21-норябрга караган түнү чыга баштады. Ал эми митингге даярдануу бир күндөн кийинки башталган. Уюштуруучулар эмне дебесин митинг өзүнөн-өзү эле ойдо жок жерден чыгып кетти.

Көбүнчө Ширин Айтматова негиздеген “Үмүт-2020” кыймылы, АКШ университетинин биринин эки колледжинин бүтүрүүчүлөрү, АУЦАнын мурунку мугалими жана “Ата Мекен” партиясынын мурунку депутаты.

Бул теманы Айтматова Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Саймаитинин өлүмүнөн кийин козгоп баштаган. Чынында, башында ал кыргызстандык министрликтер аны жашырып жатканына ачууланып жаткан, азыр болсо бийлик анын өлүмүнө көңүл буруп, териштирбегенине ачууланып жатат.

Митингге дээрлик башкаларга анча байкала бербеген адамдар катышты. Алар чынында эч кимге көрүнбөгөнгө аракет кылышты. Коррупция менен күрөшүүнү талап кылган митингдин катышуучулары жалгыз Райымбек Матраимовдун сүрөтү бар плакаттарды  көтөрүп алышкан. Эмне үчүн эки жылдан бери эч кандай кызматта отурбаган мурунку базы кызматынын орун басары Райымбек Матраимов? Азырынча жооп жок.

Аэ эми, митингдин уюштуруучулары башка коррупцияга көңүл бургулары келбей жатат. Мисал кылсак, митингге катышкан укук коргоочулар Рита Карасартова менен Динара Ошуракунова убагында мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциянын иликтөөсүнө тосколдук кылууга бардык аракеттерин жумшашкан.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары КСДПнын саясий кеңешчиси Адиль Турдукуловдун жетекчилиги менен митингге чыкканы күлкүлүү көрүнүш. Эске салсак, аткезчилик схемасы Атамбаев президент болуп турган убакта өнүккөн. Ошондой эле азыр башка иш боюнча сот отурумунда айыпталуучу болуп отурган, мурун бажы кызматын жетектеп турган Кубанычбек Кулматовдун убагында өнүккөн. Аларды митингге чыккандардын бирөөсү да эске алган жок.

Кыска убакыттын ичинде плакаттарды чыгарып, видеоролик тартып, белги жана кыйкырууларды ойлоп табышкан имиш. Кыскасы, тажрыйбалуу инструкторлор семинарларда жаш революционерлерди даярдоодо үйрөткөн нерселердин баарын кылышкан.

Кыргыз бийлигинин өзгөчөлүгү от жаңы күйгөндө эмес, ал алоолонуп кеткенде гана өчүрүүгө киришет. Өткөн митингде бийликке сары карточка болду. Футболдо бул эскертүү дегенди түшүндүрөт. Анын аркасынан жаза келиши мүмкүн. Кыргызстанда төңкөрүш кышында болбойт. Биздин эл жылуулукту жакшы көрөт. Бул жөн гана даярдануу болчу.

Булак: Дело№

Последние новости