www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында алыскы Памир-Алай айыл өкмөтүнө барып, жаңы техникаларды тапшыруу жана көпүрөнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын жүрүшүндө облус жетекчиси Талды-Суу айылында болуп, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган төрт заманбап техниканын ачкычын тапшырды. Алар: Zoomlion RN1104 үлгүсүндөгү трактор, XCMG XE150WB үлгүсүндөгү дөңгөлөктүү экскаватор, XCMG GR1905T үлгүсүндөгү автогрейдер жана таштанды чыгаруучу автоунаа.
Жаңы техникалар Памир-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жол куруу жана оңдоо, жер тегиздөө,инфраструктуралык жана коммуналдык иштерди жүргүзүүдө колдонулат. Облус башчысы техникалардын абалы менен таанышып, аларды узак мөөнөткө жана максаттуу пайдаланууну тапшырды.
Мындан тышкары, Аманкан Кенжебаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, өлкөдө жана облус аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, алыскы аймактын жашоочуларына шарт түзүү боюнча пландар менен бөлүштү.
Иш сапарынын соңунда Кызыл-Суу дарыясынын үстүнө Талды-Суу айылында жаңыдан курулган көпүрөнүн ачылыш аземине катышты. Көпүрөнүн узундугу 54 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.
Долбоорду ишке ашырууга облустук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, объекттин жалпы сметалык баасы 23 миллион 952 миң 240 сомду түздү.
Көпүрөнүн негизги максаты — айыл тургундарынын коопсуз каттамын камсыз кылуу, жайыттарды жана айыл чарба багытындагы аймактарды пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.