www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев деген бар. Облусту жетектеп жатканына алты айга аяк басты. Эмне кылып жатканынын дайны билинбейт.
Мына өткөндө президент Ош облусун кыдырып, элдин көйгөйүн укту. Көп маселе жергиликтүү бийлик эле чече турган майда маселелер экени көрүндү. Демек, Аманкан Кенжебаев баш болгон аймактагы аткаминерлер өз ишине кайдыгер болуп, шалаакылык кылып иштебей эле отурат десек жарашат.
Айтор, Аманкан мырзанын президенттин саясатына, аброюна көлөкө түшүргөндөн башка кыйраткан иши байкалган жок. Андыктан, эл “Аманкан аман эле болсун” деп жатышат. Өзгөчө ишкерлерге шарт түзүп, инвестиция тарткандын ордуна, тескерисинче бут тоскон жоругу чынында президенттин ишкерлерди колдоо, аймактын өндүрүшүн кубаттандыруу, элди жумуш орундары менен камсыздоо багытындагы ишине саботаж жасап жаткандай туюлат.
Ырасын айтканда, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо элдин колдоосуна ээ боло албай, аз добуш алып жыдыган соң, облус башчылыгын басып жыгылганы менен президенттин ишеним актай алган жок. Мындан ары деле кыйратып жиберет дегенге ишенип болбойт.