www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара деңиз аймагында аба мейкиндигинде Улуу Британияга таандык аскердик учак Румыниядагы базаcынан көтөрүлүп, Россиянын Куралдуу күчтөрүнө таандык делген учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн бир катар чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматтарга караганда, окуя Румыниянын аба мейкиндигине жакын аймакта болгон. Бирок бул фактылар расмий деңгээлде толук тастыктала элек, ал эми тараптардан кеңири комментарий бериле элек.
Аскердик эксперттер Кара деңиз аймагындагы чыңалуу акыркы мезгилде жогорулап жатканын белгилешет. Ошол эле учурда, эл аралык байкоочулар мындай маалыматтардын айрымдары маалыматтык согуштун бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери уланууда.