www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. 

Отурумдун күн тартибине ылайык, 2027-2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталган сценарийлеринин ичинен негизги макроэкономикалык сценарийди тандоо боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин баяндамасы угулуп, координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. 

Өлкөнүн 2027-2031-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнүн сценарийлерине баа берүү 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн алдын ала жыйынтыктарын, 2026-жылдын январь-март айларындагы учурдагы макроэкономикалык динамиканы, ошондой эле улуттук экономиканын туруктуулугуна жана өсүү темптерине таасир этүүчү ички жана тышкы факторлорду талдоону эске алуу менен жүргүзүлдү.

Сценарийлерди түзүүдө экономиканын негизги секторлорундагы реалдуу тенденциялар, экономиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык активдүүлүктүн жана ички суроо-талаптын динамикасы эске алынды. Ошондой эле экономикалык өсүштүн булактарын талдоого, анын ичинде артыкчылыктуу ири инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюджеттик мейкиндикти түзүү маселесине көңүл бурулган.

Маалым болгондой, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарынын өнүгүүсү экономикалык өсүшкө чоң салым кошту. Экономиканын өсүшүнүн жогорку темпин кармоо үчүн макроэкономикалык туруктуулукту сактап, өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу чараларын көрүү зарылчылыгы да белгиленди. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин камсыз кылуу каралган.

Отурумдун жыйынтыгында, талкууларды эске алуу менен, “Базалык” сценарийди негизги макроэкономикалык сценарий катары жактырылды.

Последние новости