www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүн Бишкекте “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жана “Алтынкен” ишканасынын жетекчилери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Анда “Алтынкенден” алтын кошулмаларынын Кыргызстандан сыртка ташылышынын чоо-жайы тууралуу сөз болот.

Кеминдеги Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен “Алтынкен” ишканасы 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени 2016-жылы ачыкталган. Чүй облусунун ошол кездеги жетекчилиги аталган компания алтын тазалоочу фабрика бар экенине карабастан, кошулманы өлкөдөн чыгарып жатканын иликтөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылган. “Алтынкендин” өкүлдөрү кошулманы чыгарууда өкмөттөн уруксат алынган деп жооп кайтарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости