www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Атамбаевдин Жогорку Кеңеш менен тиреши эмес, мыйзам менен кармашы болушу керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатканда билдирди.
Ага кошумча депутат, сатылып кеткен “Кыргызгазды” айтып, Тажикстан менен өзбекстанды салыштырып мурдагы президенттин “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча мурдагы Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү бар. Ошондой эле Жер үй кени канча баага сатылганын билишибиз зарыл. Буюрса Атамбаевдин кол тийбестиги алынса жогорудагы маселени көтөрүп чыгышыңар керек!”, деген пикирин айтты депутат Алтынбек Жунус уулу.
Так ушул таптарда Жогорку Кеңеште Башкы прокуратура экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын айыптоосун карап чыгып, корутундусунда белгиленген 6 пункттун ичинен 5 пункт боюнча айыптоолорго экс-президенттин тиешеси бар деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатканда билдирди.
Булак: NazarNews.kg