www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин кудасы Алиярбек Абжалиевдин ити чөп жеп, иши жүрүшүп, байбачага айланган.
Бизнес жаатында көрүнүктүү лөктөргө кошулганы маалым. Бизде эле ушундай: бийликтин таасири менен кескин түрдө байып кетишет же сызга отуруп калышат.
Учурда экс-депутат Алиярбек Абжалиев “Бикард” клиникасында дарыланып, элиталык жайда жатканын каңкуулашты. Бул жер акыркы убактарда ВИП-түрмөгө айландыбы? Ири ууру-кески, коррупционерлер камалышкандан кийин “Бикардга” профилактикалык эс алууга чыгып алышканы кызык го? Мына ушул жерден Алиярбек Абжалиев “соодалашып”, канча миллиондорду “кусуп” берүүгө макулдашканы айтылууда.
Сокенин бийлиги учурунда Кайыңды кабель заводун оңой ыкмада алып, кытайлар менен өнөктөш катары бизнес баштап, кийин иликтөөлөргө кабылып, айыбы ачылганы эсиңердеби? Мына ошол инвестор шериктеринин акчасын пайдаланып, түрмөдөн кутулуп кеткени турабы? Өз каражаттарын аяп, кимдир бирөөлөрдүн кирешесин төгүп берүүнүн амалын тапканыбы? Айтор, суроолор арбын.
Алиярбек Абжалиев кудасынын доорунда “Рабочий городоктогу” жана “Кудайбергендеги” базарларга ээлик кылып, андан сырткары Бишкектен жерлерге, байлыктарга жеткенби? Бул боюнча тар чөйрөдө талкууланып келет. “Суунуку сууга кетет” деп кыргызда бекер айтылбаса керек. Таман акы, маңдай тер менен табылбаган оокаттын берекеси болбостур.
Аныгында, Алиярбек Абжалиевдин кантип байыганы дыкат иликтенип, адилеттүү баа берилиши шарт. Мыйзамдуу өлкө курууну ойлосок, башкаларга да сабак болушун эстен чыгарбайлы, деп жазат "Азия Ньюс" гезити.