www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин дүйшөмбү күнкү жолугушуусу Москва убактысы боюнча саат 20:15те башталып, болжол менен бир саатка созулат. Саат 22:00дө Трамп менен европалык лидерлердин көп тараптуу жыйыны башталат. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылган. Маалыматты ТАСС агенттиги жарыялады.
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу Украинадагы кагылышууну жөнгө салууга арналат. Ак үйгө Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони да катышат. Жолугушууга Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дагы катышары маалымдалды.
28-февралда Зеленский Ак үйгө Трамп менен жолугушуу үчүн келген. Журналисттердин катышуусундагы сүйлөшүү маалында экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болуп, Трамп Зеленскийге АКШга болгон урмат-сыйдын жоктугун көрсөткөнүн айткан. Жыйынтыгында жолугушуунун пресс-конференциясы токтотулган.
Россия президенти Владимир Путин менен Аляскадагы жолугушуудан кийин Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, андан соң Улуу Британия, Германия, Италия, Польша, Финляндия жана Франция лидерлери, НАТОнун баш катчысы жана Еврокомиссия башчысы менен байланышкан. Кийин Зеленский 18-августта Вашингтондо Трамп менен "кагылышууну токтотуунун деталдарын" талкуулаарын билдирген. The New York Times гезитинин маалыматы боюнча, Трамп бул жолугушууга европалык лидерлерди да чакырды.