www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөдө жүргөн эки айыпталуучу өлкөгө жеткирилди.

Маалыматка ылайык, алардын бири — АКШдан жеткирилген Ы.М. бир нече алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпы суммасы 70 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Экинчи айыпталуучу — Азербайжан Республикасынан жеткирилген А.А. ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Ал да жабырлануучунун ишенимине кирүү жолу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алганы айтылууда.

Экөө тең Кыргызстанга жеткирилген соң тергөө абагына киргизилди.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө жана кайтаруу, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын коргоо багытындагы иштер улантылып жатканын билдирди.

Последние новости