www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Алай районуна караштуу Сары-Таш айылына жааган кардан улам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 27-июндан 28-июнга караган түнү Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Таш айылында саат 00:20 чамасында жамгыр жаап баштаган. Саат 03:40 чамасында жаан карга айланган. Кар 28-июнь күнү саат 12:35ке чейин уланып, кардын бийиктиги 22 сантиметрге жеткен.
Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров түзүлгөн жагдайга байланыштуу тийиштүү чараларды көрүү максатында жыйын өткөрдү. Ага ылайык, министр кырдаалдардын алдын алуу боюнча өз учурунда ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.
"Адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн ӨКМнын башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен тез арада алдын ала чараларды көрүү боюнча тапшырма берди", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg