www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 14,2 чакырымдык тилкесинде жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Долбоордун алкагында жолдун аталган бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жол инфраструктурасын жакшыртуу, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатталууда.

Учурда курулуш иштеринин белгиленген графикке ылайык аткарылышы көзөмөлдөнүп, жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурулууда.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштеринин буюртмачысы болуп «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасы саналат. Ал эми курулуш-монтаж иштерин подрядчы мекеме катары «Дорсервис» ААКсы жүргүзүүдө

Последние новости