www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрамидин Айткуловго карата  карата козголгон кылмыш иши тергелиши аяктап ана-мына сотко жиберилет деп турган кези.

Жабырлануучулар тараптан түшкөн маалыматтарга караганда Икрамидин ага коюлган айыптар менен тыкыр таанышып чыкты. Анын адвокаттык мыкты өнөрү бар. Кылмыштын курамы бар экендигин  абдан мыкты сезип турат. 

“Укмуштуунун төөсү жорго” демекчи, убакытты атайылап узартуу максатын көздөп кайра-кайра адвокат жалдап жатыптыр. Ар бир адвокат томдогон кылмыш иши менен таанышып чыгуу үчүн албетте убакыт керек эмеспи. Икрамидин азыр үчүнчү адвокат жалдаптыр, аны тергөөчү да жабырлануучуларга билдириптир. 

Ошентип Адвокат Икрамидин жана дагы үч адвокат  төртөөлөп кылмыш иши менен  таанышып чыгуу үчүн убакытты созуп, түрмөдөн качуунун жолдорун көздөп жатабы, деп жабырлануучулар билдиришти.

Урматтуу тергөөчүлөр Икрамидин ишин чойбой сотко тезинен жиберүүнү өтүнөбүз, ал “колу менне жасаган ишти, мойну менен тартышы керек”...

Асылбек Таштанбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости