www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатты эмес, бутылканы кеп кылган мокогон Текебаев

Кыргыз Республикасынын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев маек бериптир. Жүгүнгөн, бүгүлгөн тууралуу айтып туруп текедей жол баштап бергени тууралуу ооз ачпай, бутылка чыгаралы деген ураан салыптыр. 

Өлкөдө адам укугуна, демократиялык баалуулуктарга, мамлекеттин бүтүндүгүнө байланышкан эмне деген маанилүү окуялар болуп жатат. Такыр эле эч нерсе билбеген, көрбөгөн, "оозуң кайсы десе мурдун көргөзгөн" сопу го чиркин. Билмексен болуп, бийликке алдыртан тымызын кошомат кылып жан бакканды ата мекенчилер мыкты өздөштүрүштү. Айталы, Текебаев баш болуп, Садык-Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев (жаңы иштен кетти) сөз кылганга арзыбаган жаштары дагы жүрөт кошомат кылып кызматка жармашып... 

Арийне, Текебаев электр лампасын укмуш кеп кылып, "кызытма лампалардын күнү бүтүп баратат, Майлуу-Суу лампа заводунан бутылка чыгаралы дегенди айтыш үчүн, лампанын тарыхын саймедиреп, союзду кеп кылып, айланып, тегеренип жүрүп араң аягына чыгарыптыр. 

Натыйжада, Германиянын Обернкирхен жергесинде жайгашкан Heye International GmbH компаниясына барып, маркетинг оюнча жетекчиси Марк Циглер, проекттин жетекчиси Уве Тобюрен жана менеджери Александ Кайзер менен жолугуп, Майлуу-Суу лампа заводунан бутылка чыгаруу үчүн инвестиция тартып жатканын мактаныч кылыптыр. 

Эмне дейли, болсун! Ошентип инвестор тартып күжүлдөп, кайпактап иштей бериңиз. Сиз айтып, баштап берген Түркмөнстанга токтоосуз түптүз баратабыз. Жакында жетип, ашып өтөбүз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости