www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатында билим алып жаткан балдардын окуу жана жашоо шарттарын текшерүү максатында мониторинг жүргүздү.
Музыкалык мектепте 1-класстан 11-класска чейинки жалпы 509 бала билим алат, алардын 243ү жатаканада жашайт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар олуттуу көйгөйлөр аныкталган.
Жатакананын терезелерине коргоочу темирлер орнотулган эмес, бул балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Мындан тышкары, ысык суу үчүн бойлерлер жок. Ал эми санитардык түйүндөрдө желдетүү системасы болбогондуктан жагымсыз жыт байкалган.
Балдар үчүн спорт менен машыгууга шарттар түзүлгөн эмес — спорт аянтчалары жок. Мектептин короосунда балдардын эс алуусу үчүн бир да отургуч орнотулган эмес.
Мектепте социалдык педагог жана түнкү тарбиячылар жок. Алардын милдеттерин башка кызматкерлер аткарып жатышканы менен, алардын жоопкерчиликтери расмий бекитилген эмес.
Окуу жайдын жетекчилигинин маалыматына ылайык, эмгек акынын аздыгына байланыштуу мугалимдердин бат-баттан алмашуусу чоң көйгөй жаратууда. Ошол эле себептен иш кагаздарын жүргүзүү талаптары сакталбай, мектептин уставы жаңыртылган эмес.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине мектепти психолог жана социалдык кызматкерлер менен камсыз кылуу тууралуу сунуш жолдогон. Бирок, кайра текшерүүнүн жыйынтыгында көйгөйлөр дагы эле чечилбей келе жатканы аныкталды.