www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-мартында саат 03:40 чамасында  Кара-Суу РИИБге   Мады айылында жайгашкан билярд клуб өртөнгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Бул маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  216-беренесинин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

 Милиция кызматкерлери тарабынан  ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада окуяга шектүү катары 2006-жылы туулган Н кызы А., жана 2007-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, райондук сот тарабынан  камакка алынган.

Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө  шектүүлөр   сүйлөшүп алып,  жеке таарынычтарынан улам өч алуу максатында Мады айылында жайгашкан бильярд клубду бензин чачып өрттөшүп, андан соң окуя болгон жерден качып кетишкендиги маалым болгон.

Натыйжада  бильярд клубунун ээсине ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

 

Последние новости