www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Ташкенттеги элчилиги Diversity Visa (Green Card ) программасынын жеңүүчүлөрүнө маектешүүдө жалган документтерди көрсөткөндөр өмүр бою виза алуу укугунан ажыратылышы мүмкүн экенин эскертти.

"Тобокелге барам деп өмүр бою визасыз калып калбаңыз. Виза алууда жалган документтерди же туура эмес маалымат берүүнү кеңеш кылган үчүнчү жактарга ишенбеңиз", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда АКШга көчүп барып, жаңы жашоо баштоону кыялдангандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Өлкө грин-картага кайрылгандардын саны боюнча алдыңкы үчилтикке кирет.

Грин-картасы кабыл алынгандардын саны боюнча Өзбекстан үчүнчү орунга жайгашып, 5511 өзбек АКШга көчүү укугуна ээ болду. Египетте (5529) жана Алжирде (5526) бул көрсөткүч бираз көбүрөөк.

1990-жылы негизделген Green Card программасы аркылуу жыл сайын 55 000дей иммигрант АКШда туруктуу жашоо укугуна ээ болушат. Ак үйдүн азыркы башчысы Жо Байден грин-карта ээлеринин санын 80 миңге чейин көбөйтүү керектигин айткан.

Бул арада Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган өзбекстандыктардын саны да өсүүдө. Ушул жылдын башында АКШнын Ташкенттеги элчилиги Мексиканын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракеттери кооптуу экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости