www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен АКШ президенти Дональд Трамптын Вашингтондогу жолугушуусу Украина президенти Владимир Зеленский жана анын режими үчүн “кара белги” болду деген пикирди АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube’дагы Deep Dive каналынын эфиринде билдирди.
“Анын (Зеленскийдин — Ред.) үчүн бул жолугушуу кара белги сыяктуу, анткени Виктор Орбандай болуп чындыкты таанып, реалдуулукту кабыл алуунун ордуна ал (Зеленский) баары бүттү дегенди көргүсү келбей, аны мойнуна албай жатат”, — деди ал.
Эксперттин айтымында, Зеленский Европа өлкөлөрүндөгү өз колдоочуларына таянып, Россия тарап сунуш кылган Украина жаңжалын тынч жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн четке кагууда.
“Мунун баары Зеленскийге таасир этүүдө, анткени европалыктар ар бир жолу украин тарапка ар кандай сунуштарды четке кагууну жана алдыга жылууну, акыл-эске кайрылбоону айтып турушат”, — деп кошумчалады Дэвис.
АКШ менен Россиянын саммити жылдырылгандан кийин Трамп менен Орбандын Ак үйдөгү бул жолугушуусу биринчи жолу болуп өттү. Жолугушуунун башында АКШ президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путин менен Будапештте жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок. Ал саммит эмне үчүн өтпөй калганын түшүндүрүп жатып, “орус аскерлери Украинада токтогусу келбейт” деп билдирди.