www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын командачылыгы армиянын 82-аба-десанттык дивизиясынын командири жана офицерлерине Жакынкы Чыгышка жөнөп кетүү боюнча буйрук берди.
Fox News каналы билдиргендей, дивизиянын командири генерал-майор Брэндон Тегтмейерге жана анын командасына Жакынкы Чыгышка жөнөтүү тапшырмасы берилген.
Анда: Азыркы учурда Пентагон менен Ак үй дивизиянын толук курамын аймакка жөнөтүп, кургактык операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат, - деп айитылат.
Маалыматка ылайык, буга чейин АКШ Ирандын Харг аралын басып алуу же өлкө аймагында башка операцияларды жүргүзүү үчүн кургактык күчтөрдү колдонуу планы бар экени айтылган. Ошол эле учурда АКШнын деңиз күчтөрүнүн аба-десанттык тобу деңиз пехотасынын экспедициялык батальону менен Ормуз кысыгы тарапка багыт алууда. Маалыматтарга караганда, бул топ кысыкка жетиши үчүн дагы бир нече күн талап кылынат.
Деңиз пехотасынын миссиясы Ирандын аралдарын же Перс булуңунун жээктериндеги аймактарды көзөмөлгө алуу милдетин камтышы мүмкүн.
Эске салсак, 82-аба-десанттык дивизия (Форт Либерти, Түндүк Каролина) АКШ армиясынын эң элиталык жана жогорку даярдыктагы бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал парашюттук десант операцияларына жана тынчтык орнотуу миссияларына адистешкен. 1917-жылы түзүлгөн бул дивизия Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бир катар ийгиликтүү десанттык операциялары менен белгилүү.