www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-мартында Стамбул шаарында өткөн «Silk Road Insurance Forum» эл аралык камсыздандыруу форумуна Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы активдүү катышууда. Форумга 12 өлкөдөн 200дөн ашуун өкүлдөр, камсыздандыруу ассоциацияларынын жетекчилери жана ири компаниялардын өкүлдөрү чогулду.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Эсенгул уулу, «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Садыракунов Салават Садырович, Кыргызстан камсыздандыруучулар ассоциациясынын президенти Бактыгулов Улан Султанович жана Кыргызстандын 15 камсыздандыруу компаниясынын жетекчилери катышууда.

Форум Стамбул шаарындагы эл аралык деңгээлдеги аянтчада өтүп, камсыздандыруу тармагындагы жаңы стратегиялар, жасалма интеллект, InsurTech инновациялары, Жибек Жолу аймагындагы рыноктук мүмкүнчүлүктөр жана 2040-жылга чейинки өнүгүү сценарийлери талкууланууда.

Иш-чаранын негизги максаты — Жибек Жолу аймагындагы камсыздандыруу рыногунун кызматташтыгын күчөтүү, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Кыргызстандын делегациясынын катышуусу өлкөнүн камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы инвестициялык байланыштарды түзүүгө маанилүү салым кошот.

Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар жана тармактык талкуулар уюштурулуп, кыргыз камсыздандыруу компаниялары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости