www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте (ИУА) россиялык ОсОО Прекаб компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Кыргызстандын аймагында кабелдик-өткөргүч өндүрүшүн уюштуруу, анын ичинде буугучтарды (жгут) чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Компания жүк унаалары жана автобустар үчүн буугучтарды (жгут) өндүрүү боюнча лидерлердин бири болуп эсептелет. Долбоордун алкагында болжол менен 5 000 чарчы метр аянтты ээлеген өндүрүштүк базаны түзүү жана 200дөн 300гө чейин жаңы жумуш ордун камсыз кылуу пландалууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоорду колдоого даяр экенин билдирип, ылайыктуу өндүрүштүк аянт жана жер тилкесин тандоого, ошондой эле консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Долбоордун ишке ашышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүш процесстерин локалдаштырууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө жол ачып, өлкөнүн өнөр жай потенциалын бекемдөөгө салым кошот.