www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Душанбени дин эркиндигин бузууга айыптады

АКШ кезектеги жолу Душанбени жарандардын дин тутуу эркиндигин чектегени үчүн сындады. АКШнын дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү жылдык баяндамасы 17-ноябрда жарыяланды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 17-ноябрда Тажикстан Бирма, Кытай, Иран, Пакистан, Орусия жана Сауд Арабиясы менен бирге "өзгөчө тынчсызданууну жараткан өлкөлөрдүн" катарына киргенин айтты.

Тажик бийлиги азырынча буга жооп кайтара элек. Бирок мурдагы жылдары ушундай өңүттөгү билдирүүлөрдү “адилетсиз жана калыс эмес берилген баа” деп атап келген.

Кошмо Штаттар "Аш-Шабаб", "Боко Харам", "Хаят Тахрир аш-Шам", хуситтер, ИМ, "Жамаат Наср аль-Ислам валь-Муслимин" жана "Талибан" сыякуу уюмдарды "өзгөчө тынчсызданууну жараткан субъектилер" деп атады.

"Кошмо Штаттар дин же ишеним эркиндигин коргоо жөнүндө алган милдеттенмелеринен баш тарпайт», - деди Блинкен.

Энтони Блинкен АКШ дин тутуу эркиндигин бузган бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү мыйзамдарын оңдоп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тажырыйбасын ишке киргизгенге чейин аларга кысым көрсөтүүнү уланта турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости