www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 14-июлда баш калаанын 7-кичи районунда ДСКнын (президенттин иш башкармалыгына караштуу) спорт залында аты жаман ылаң менен жабыркаган бейтаптарды дарылоонун түнкү стационары ачылды. Бул тууралуу Ата-Журт партиясы билдирди.

А эмнеге түнкү стационар дебейсиңерби? Атың өчкөн оору түнкүсүн күч алып, караңгыда бейтаптар карайлап оорукана таппай кыйналышканы эске алынып, түнкү кезекте 120 орунга ылайыкташтырылган стационар уюштурулду.

Бул саамалыкты Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нариман Түлеев менен Акматбек Келдибеков ишке ашырып, жумшалчу каражаттардын баардыгын эки азамат жеке капчыктарынан көтөрүшкөнү көңүл кубантууда.

Маселен, дарыгерлердин жууна турган жеринен баштап, тамак-ашына, жатаканасына, жеке коргонуучу шаймандары жана башка да чыгымдалуучу каржынын баардыгын береги аттары аталган эл уулдары түгөлү менен көтөрүп чыгышты.

Жалпы 36 медициналык кызматкерлердин айлык-акысынан тартып, 40га жакын концентратка жана жалпы эле баардык каржылоого орточо 5-6 миллион сомдун тегерегинде каражат жумшалганы белгилүү болду.

Калк башына күн түшүп, карайлап турганда Нариман Түлеев менен Акматбек Келдибековдун четте турбай, эл үчүн кылган жакшылыктары албетте, Кудайдан кайтышын каалайбыз! Кыргыздын “Элге бергениң текке кетпейт” – деген баалуулугу бар. Эртели-кеч береги эки азаматтын эмгегин карапайым калкыбыз баалап алары турган иш. Ылайым элге кылган камкордук жүрүшүңөрдөн жазбагыла. Ийгилик силерге эл уулдары!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости