www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн доллардын артынан бир топ атка минер темир тор артына кеткени калды. Тилекке каршы 386 млн долларга азырынча эч ким жооп бере элек.

Бирок акчаны ап этип койгондордун аты-жөнү эл арасында арбын. Алардын катарында мурдагы Энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаевдин аты көп аталчу болду. Алсак, Артыбаевдин Кытайлар менен 386 млн долларга ЖЭБди кантип баалаганы айтылууда?

Тилекке каршы, акчанын эсебин таппаган байкуштар, аттишти 600 доллар деп баалашып, элге шылдың болушту. Ошентип коррупционерлердин бетин, атайын органдар эмес, кыш мезгили ачып, алды камакка алынды.

Бизге жеткен такталбаган маалыматтарга таянсак, эртең ТЭЦ боюнча Осмонбек Артыкбаев камакка алынышы керек. Так ушул тапта Осмонбек мырза, былыгын жаап-жашырыш үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жүргөнүн уктук. Бир жуманын ичинде айрымдардын көңүлүн таппаса, Осмонбек Артыкбаевди УКМКнын жер төлөсү күтүп турат. 

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости