www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Россиянын президенттеринин жолугушуусу биринчи кезекте Украинанын аймагындагы жаңжалдын токтотулушуна чоң кадам болот. Бул тууралуу «NazarNews» агенттигине маек куруп жатып эл аралык маселелер боюнча эксперт Байкадам Курамаев билдирди.
Анын айтымында, делегациялардын курамдары жаңжалды чечүү маселелери менен гана чектелбестен, эки өлкөнүн дипломатиялык жана экономикалык байланыштарын калыбына келтирүү ниетин да камтыган. Бул өз кезегинде Батыш өлкөлөрү Россияга киргизген санкциялар жана Россия менен кызматташкан өлкөлөргө салынган кошумча санкциялар шартында дүйнөлүк экономикага реалдуу өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн.
Россиянын жаңжалды убактылуу эмес, узак мөөнөткө токтотуу позициясын Дональд Трамп кабыл алгандай көрүнөт. Ал бул жолу курч билдирүүлөрдү жасаган жок жана Путин менен кийинки жолугушууга бардык негиздер бар экенин айтып, Россия менен АКШнын позицияларын жакындатуу аркылуу тынчтыкка жетишүүгө шарт түзүлөрүн белгиледи.