www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлүп келген ишмердүүлүк аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, аталган жарандар Ош облусунун Араван районундагы Жар-Кыштак айылында тиешелүү уруксат кагаздарын албай жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурушкан.

Мыйзамсыз оюн жайы жайгашкан дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 даана компьютер, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылып алынды.

Топтолгон материалдардын негизинде Х.Ш. жана С.Ш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү («Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу») боюнча айыпталып, 2026-жылдын 19-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына камакка алынды.


 

Последние новости