www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшү кызматы жана УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, алдамчылык боюнча кылмышка шектүү катары 1958-жылы туулган Х.Н. аттуу жаран (айыл өкмөттүн мурдагы жер адиси) шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-март күнү Кара-Суу РИИБге Кара-Суу районунун 1972-жылы туулган Т.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Анда 2023-жылдын күз мезгилинде Датка айыл аймагынын Х.Н. аттуу жараны жер участогу үчүн 1 320 000 (бир миллион үч жүз жыйырма миң) сом акча каражатын алып, тийиштүү документ иштерин бүтүрүп беремин деп алдап келгендигин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.