www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрлан Суеркуловдун төрагалыгы алдында сот актысын аткарбоого байланыштуу кылмыш иштеринин бири боюнча сот отуруму түз алып көрсөтүлдү.

Онлайн-трансляция «Жогорку сот» YouTube каналында жүргүзүлдү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 290-1-беренесине ылайык, сот ишке катышкан тараптардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен сот отурумун телекөрсөтүү, радио жана (же) Интернет тармагы аркылуу түз эфирде трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу.

Сот отурумун трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берүү тууралуу чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, ачык-айкындуулукту сактоону жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан кабыл алынат.

Белгилей кетсек, мындай чаралар калктын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган. Алар жарандарга сот ишинин реалдуу практикасын алыстан байкоого мүмкүнчүлүк берип, сот процессинин катышуучуларын тартипке чакырат, ошондой эле бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.

Последние новости