www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдан тартып дыйкан-фермерлерди, кайра иштетүү ишканаларды жана жеке ишкерлерди колдоо жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда 2 гана мамлекеттик программа аркылуу каражат берилсе, быйыл 5 мамлекеттик программа (Айыл чарбасын каржылоо, КАПК, ФОТП, Асыл тукум жана Үрөнчүлүк боюнча долбоорлор) аркылуу жеңилдетилген насыялар сунушталууда.

2025-жылга каралган 12 млрд 242 млн сомдун ичинен 11 млрд 369 млн сом өздөштүрүлүп, каржылоонун аткарылышы 92,8 пайызды түздү. Айрыкча «Айыл чарбасын каржылоо-13» программасы 100 пайыз, ал эми «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» программасы 166 пайыз деңгээлде аткарылды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 12 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 9 млрд 707 млн сомдун 6 млрд 502 млн сому өздөштүрүлдү (67%). Капиталдык салымдар боюнча да оң динамика байкалып, өздөштүрүү 64,6 пайызга жетти.

Министрлик алдыга койгон 5 артыкчылыктуу багыт боюнча жетишилген бул натыйжалар өлкөнүн агрардык сектору ишенимдүү өнүгүү жолунда экенин айгинелей тургандыгын кошумчалады.

Последние новости