www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында өткөрүлдү.
Жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.
Күн тартибине ылайык, министрликтин 2025-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары каралып, аткаруучулук тартип, суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгү, мал чарба жана дыйканчылык тармагындагы жаңы ыкмалар, санариптештирүү жана технологиялык жаңылыктар талкууланды. Ошондой эле айыл чарба тармагынын негизги беш багыты боюнча өнүгүү абалына баа берилип, ишмердүүлүгү төмөн деп бааланган айрым райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын иши каралды.
Райондук башкармалыктардын башчылары 2025-жылдагы иштер боюнча отчет берип, 2026-жылга карата пландарын сунушташты. Министр жазгы талаа иштерине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү, аткаруучулук тартипти күчөтүү жана дыйкандар менен фермерлерге практикалык колдоо көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
“Ар кандай маселелер” бөлүгүндө эт баасы, күйүүчү-майлоочу майлардын жеткиликтүүлүгү, насыя каражаттарынын элге өз убагында жетүүсү, жазгы талаа иштерине даярдык маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жасалма уруктандыруу боюнча окутууларды Талас облусу аймагында уюштуруу боюнча суроо-өтүнүчтөр айтылып, тиешелүү жетекчилер тарабынан так жооптор берилди.
Жыйынтыгында 2026-жылга карата иш-пландар бекитилип, тармакты өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды.