www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтматов РИИБдин коомдук коопсуздук кызматы, облус аймагында жүрүп жаткан “Селсаяк” рейддик иш-чарасынын алкагында профилактика багытындагы иштерди улантышууда. 

Иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн коомдук жайларда, компьютердик клубдарда, кафе -ресторандарда ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете электерди аныктоо максатында иш алып барылды.

Ошондой эле аларга  тыюу салынган же чектелген жерлерде, коомдук көрүнүшкө сыйбаган жүрүм- турумунун негизинде калк арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлдү. 

Аныкталган мыйзам бузууларга карата жарандарга тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Последние новости